Айыл өкмөтү жөнүндө

Айыл аймак жөнүндө кыскача маалымат

Түзүлгөн мезгили жана административдик-территориалдык бөлүнүшү.                                                                                                               

Терек-Сай  — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районунун айылдык аймагы. Терек-Сай айылдык аймагы Чаткал тоо кыркасынын түштүгүндө жайгашкан.

            Терек-Сай аймагы 1980-жылга чейин мурдагы Жаңыжол, Ала-Бука, Аксы, азыркы Чаткал райондоруна, Жалал-Абад, Ош, Талас областтарына  баш ийип, архивдик документтери бир жерде сакталбаган. 1980-жылдан азыркы мезгилге чейин Чаткал районунун составында болуп, кызмат структуралары боюнча Кадамжай сурма комбинатына караган. Башка аймактардай эле, Терек-Сай байыркы көчмөн калкы, өз мезгилинде фоедалдык Кокон хандыгынын (1710-1876-ж.), кийин падышалык Россиянын (1876-1917-ж.), ССРдин (1917-1991-ж.), Союз кулагандан кийин, 1991-жылдын 31-август айынан баштап, эгемендүү Кыргыз Республикасынын бийлигине баш ийип келе жатат. 2002-жылдан баштап “Кыргыз Алтын” ачык акционердик коомунун Терек-Сай кен иштетүү филиалы, Чаткал геологиялык экспедициясын кошуп, кен өндүрүүдө биргелешип иш жүргүзүшкөн..

            Терек-Сай айыл аймагынын түндүк жагы  Чаткал айыл  аймагы менен чектешет,түндүк-батыш жагы  Сумсар айыл аймагы менен чектешкен. Терек-Сай айыл аймагынын карамагында төрт айыл бар: Терек-Сай  айылы, Болуш айылы, Ак-Терек айылы жана Кызыл-Токой айылы.

 

  • Жалпы Аянты                                                         - 16 817 га                                               
  • Деңиз деңгээлинен бийиктиги                              - 1610 м.  
  • Райондук борбордон алыстыгы                             - 110 км.  
  • Облустун борборунан алыстыгы                           - 270 км   .
  • Жакынкы аэропорттон алыстыгы                           - 80 км. 
  • Жакынкы темир жол станциясынан алыстыгы        - 140 км. 

 

Географиялык-климаттык шарттардын мүнөздөмөсү

Айылдык аймактын рельефи үч түргө бөлүнөт: бийик тоолуу,  орто жана жапыз чөлкөм.

Айылдык аймактын климаты континенталдуу, салкын жана бир аз кургак,  орточо температура 20°.