Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
1.Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү.
2.Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү
3.Турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
4.КР жарандарына муниципалдык менчикте турган турак-жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
5.Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак-жайды мөөнөттү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш шартуу жөнүндө чечим берүү.
6.Жарандарды жеке турак-жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
7.Жеке турак-жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү же берүүдөн баш тартуу.
8.Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү.
9.Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү ( менчиктештирүү жолу менен ) жөнүндө , же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү.
10.Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убктылуу пайдаланууга ( ижарага) берүү жөнүндө , же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү.
11.Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү.