06 декабрь 2023

Кароолор: 11

3-декабрь - Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү Терек- Сай айыл аймагында белгиленди.

3-декабрь - Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү Терек- Сай айыл аймагында белгиленди. Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Бүгүнкү күндө айыл аймакта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны 154 . Алардын 33 ү 18 жашка чейинки ДМЧ балдар. Бул балдардын көңүлүн көтөрүү максатында маданият үйүндө "Сенин бар экениң биз үчүн чоң сыймык" деген аталышта майрамдык иш -чара уюштурулуп, ар бирине айыл өкмөт тарабынан таттуу салынган белектер тапшырылды.

Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбызга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп келет.