16 ноябрь 2023
Кароолор: 21
Балдар ойноочу аянтчалар курулууда.

Терек -Сай айыл аймагына караштуу Кызыл -Токой айылындагы көчөлөргө төрт балдар ойноочу аянтчаларды куруу иштери жүрүп ,балдардын коопсуз ойноп эс алуусуна керектүү шарттар түзүлүүдө. Мындай долбоорлор Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен, Терек- Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Жакынкы күндө курулуш иштери бүтүп, керектүү болгон инвентарларды коюу менен, пайдаланууга берилмекчи.