16 ноябрь 2023
Кароолор: 22
Ден соолукту чыңдоо борборунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү

2023-жылдын 13-октябрь күнү Терек-Сай айылында заманбап ден соолукту чыңдоо борборунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -акимдин биринчи орун басары К.Мырзатаев, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаев , Жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана аксакалдар, жаштар тобу катышышты.
К.Мырзатаев алгач куттуктоо сөзүн сүйлөп, спорт залдын куруунун артыкчылыктары тууралуу айтып, салым кошкон бардык демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдирип, объектти курган "Терек-Сай Гео Строй" ЖЧКнун жетекчиси Кубанычбек уулу Маралбекке Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык катын тапшырды.
Келген аксакалдар да куттуктоолорун айтып, элдин ден соолугун чыңдоого салым кошкон жана айылдан дүйнө чемпиондордун чыгуусуна тилек айтып, баталарын беришти.
Белгилей кетсек, заманбап шарттары бар бул социалдык объекттин жалпы сметалык баасы 13 миллион сомду түздү. Анын ичинен "Эти Бакыр Терексай" компаниясынан 4 млн сом, ал эми 9 млн сөз жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн. Бул спорт залды "Терек-Сай Гео Строй" ЖЧКоому курган.
Ден соолукту чыңдоо борбору Терек-Сай айылынын Рудничная көчөсүндө жайгашып, 3 бөлмөдөн турат. Ичинде жуунучу бөлмөсү, кийим чечүүчү бөлмө, кондиционери бар.
Элеттик аялдардын ден соолуктарын чыңдоого да ыңгайланыштырылган.