23 январь 2024

Кароолор: 75

Дени сак жашоого умтулуу.

Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан 4- Үй -бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш дарылоо бөлүмү жаңы жылда жаңы стоматологиялык стол жабдыгы менен камсыздалды. Ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 160 000 сом бөлүнүп, сатып алуу порталынын негизинде жеке ишкер Ташболотов Жолдош тендерден утуп алып келди.

Учурда тиш дарылоо бөлүмүндө бейтаптардын саны үзүлбөйт. Тиш дарылоо бөлүмү 5500 калкы бар айыл аймакты тейлеп жатат.