17 ноябрь 2023
Кароолор: 20
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына Беккари чункурунун курулуш иштери башталды.

Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө Мыйзамына ылайык, тендерге коюулуп, “ Арген Альянс” ЖЧКоому 889 миң сомго утуп, терендиги 9,5 метр , туурасы 3 метр болгон Беккари чуңкурунун курулуш иштери башталды.
Беккари чуңкуру — бул инфекциялык оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жаныбарлардын өлүгүн таштоо үчүн казылган атайын чуңкур.
Айылда мал-жандыктын жана канаттуулардын тарптары биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкурунда) өрттөлүп жок кылынат. Беккари чуңкуру айылдан алыс жайгашып, 200 чарчы метр келген жер тилкесине курулуп, 2 метрдик бийиктикте короолонот. . Түбүнө бетон ташталат. Аңдын дубалдары жер кыртышынын деңгээлинен 20 см деңгээлинде көтөрүңкү абалында болот. Аңдын оозу кулпуланган, желдетип туруучу көзөнөкчөлөрү бар эки катар капкак менен бекем жабылат. Аңдын тегереги эки метр калыңдыктагы тосмолор менен толсулат. Тарптар салынып толтурулгандан 20 күн өткөндөн кийин анын ичиндеги температура 65ºС жетет. Мындай температурада тарптардын эти сөөктөн ажырап, 35-40 күндөн кийин эч кандай жыт бөлүп чыгарбаган бир түрдүү массага айланат. Ал эми Беккари биотермикалык чуңкурларга салынган тарптар термофилдик бактериялардын таасири астында чирий баштайт. Мында, температура басымы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, патогендик микробдордун гана эмес, аларга окшош башка мителердин өлүп жок болушун шарттайт.