01 декабрь 2023
Кароолор: 26
Жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү , тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, инфраструктураны жакшыртуу максатында Терек-Сай айыл аймагы Жергиликтүү Кеңештин депутаттары менен биргеликте бир топ иштерди алып барууда . Алардын бири айыл аймактагы Горняк-2 көчөсүнө жөө адам жана мал жандыктар, жеңил автоунаа өтүүчү көпүрө салынып, пайдаланууга берилди. Көпүрөнүн узундугу 11 метр жана туурасы 2.40 метрди түзүп, мамлекеттик сатып алуу порталынын негизинде 310 миң сомго курулуш материалдары алынып берилди. Ал эми бул көпүрөгө 16 жергиликтүү тургун тартылып, ашар жолу менен бүткөрүлдү жана жумуш акысына 5-декабрь күнү БУУ ДАТП тарабынан ун, май азык -түлүктөрү таркатылып берилмекчи.