Вакансиялар

Болуш айылына айыл башчы дайындоо боюнча


Акыркы күн  22.12.2023
Квалификациялык талаптар  

Терек-Сай айыл өкмөтү Болуш айылына айыл башчы дайындоо максатында ачык конкурс жарыялайт.

Кесиптик билим деңгээли:

төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку же болбосо орто кесиптик билими: «Экономика жана менеджмент», мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция багытындагы, айыл чарба, техникалык, гуманитардык багыттындагы.  

2.2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

кенже кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт

             2.3.  Кесиптик компетенттүүлүгү  :

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы;

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тайжрыйбаны талдоо жана практикада колдоно билүү;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелүүсү шарт):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан   күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 04-декабрынан 15-декабрына чейин кабыл алынат.            Иш убактысы саат 08-30дан 17-30га чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Терек-Сай айылы, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имараты.